Abank july
SerepTV Logo

Добуш берүү Орусиянын Иркутск шаарында да аяктады

Добуш берүү Орусиянын Иркутск шаарында да аяктады
Орусиянын Иркутск шаарында добуш берүү аягына чыкты. Дегенибиз, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө шайлоо тилкеси жабылды. Соцтармактарга аталган шайлоо тилкедеги добуш берүүнүн жыйынтыгы тарады. Анда 319 шайлоочунун добуш бергенин көрүүгө болот. Андагы жыйынтык боюнча, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 117 добуш менен алдыга чыкканын көрүүгө болот.