Улуттук банк коммерциялык банктарга, акча алмаштыруучу жайларга, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга Кыргызстандан тышкары долларды накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.
Мындай чара Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында кабыл алынган. Убактылуу тыюу салуу 11-март саат 17:30дан тартып күчүнө кирди.
Украинадагы кырдаалдан улам сомдун куну түшүп, доллардын курсу 85 сомдон 105 сомго чейин көтөрүлдү.