“Дордой” базарынын сатуучулары кассалык аппараттарды орнотууга каршы чыгышты. Алар жаңы Салык кодексиндеги бул пунктту жокко чыгарууну талап кылышууда.
«Пандемиядан жана чек аралардын жабылышынан улам биз жумушка чыгышыбыз, жаныбызды багышыбыз керек. Бир нече жумадан бери акча жок, бирок ижара акысын жана патентти төлөшүбүз керек. Биз кассалык аппараттарды орнотууга каршыбыз», — деп түшүндүрүштү сатуучулар.
Кечээ «Таатан базарынын сатуучулары да ККМге нааразы болуп, Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Ал эми бүгүн Токмок шаарынын кичи жана орто бизнес ишкерлер биримдиги кассалык аппараттарды орнотууга каршы экендигин айтып чыгышты.