“Дордой” базарынын соодагерлери кайрадан ККМди орнотууга каршы митингге чыгышты

Бүгүн, 15-февралда “Дордой” базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Алардын талаптары – көзөмөл кассалык машиналарды милдеттүү түрдө орнотууну жокко чыгаруу жана жаңы Салык кодексин аягына чыгаруу.

Соодагерлердин бири белгилегендей, президент Садыр Жапаров “Дордой” базарына барганда алар ККМге каршы пикирлерин айтышкан, бирок алардын көз карашы маалымат каражаттарында чагылдырылган эмес.