«Досторум, үй-бүлөм менден баш тартты». Баңгизатка көз каранды болгондордун окуясы

5-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы көптөн бери баңги затын колдонуп жүргөн адамдардын окуясы чагылдырылган видеотасманы таратты.

«Баңги колдонгондор менин акчам бар экенин түшүнүштү. Алар мени чакырып, «көрсөң» деп жатышты. Мен байланып калдым», — деп эскерет видеонун каармандарынын бири. Ал белгилегендей, 10 жылдан бери баңги затын колдонуп келет.

Бул убакыттын ичинде аны достору жана үй-бүлөсү таштап кетишкен. Дагы бирөөнүн айтымында, баңги затынан улам III топтогу майып болуп калган. «Эч нерсе кызыктырбайт, бир гана кызыктырган нерсе акчаны кантип жана кайдан алуу керек. Баңгизатсыз жашоо жакшы», — деди ал.