«Досторуна октябрда келип, үйлөнөрүн айткан». Баткендеги чек арада Эрлан Турсунбаев көз жумду

Тажик тараптын кол салуусунан 26 жаштагы Турсунбаев Эрлан Нурадинович көз жумду. Бул тууралуу Кара-Балта шаардык мэриясынын билдиришти.

Ал 1996-жылы Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында туулган. 2015-жылы Алматыдагы Чек ара кызматынын академиясына тапшырып, 2019-жылы аяктаган. Ошол эле жылы чек ара заставасынын орун басары болуп Баткен облусуна кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Ал каза болордун алдын досторуна октябрь айында келип, үйлөнөрүн айткан. Ошондон кийин байланышка чыккан эмес. 

«Биз аны менен дайыма байланышта болчубуз. 14-сентябрда Тажикстан биринчи жолу кол салганда кечинде чаларын айткан. Чалып, сүйлөшкөнбүз. 18-сентябрда саат 9-10дор чамасында номери менен маяк бериптир. Мен кайра чалсам албаq койду. Ошол эле күнү анын каза болгонун уктук», — деди досу Айбек.