Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жана «Электрондук өткөрүү пункту» инновациялык долбоорунун ачылыш аземине катышты.
Касымалиев мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдарын «Бир терезе» принциби боюнча интеграциялоонун эсебинен жүктөрдү өткөрүү убактысын 30 мүнөткө чейин кыскартуу пландалып жатканын белгиледи.
Маалымат үчүн: «Достук» көзөмөл-өткөрүү пункту ЕАЭБге кошулуу процессинин алкагында толугу менен реконструкцияланган. Буга чейин чек араны контролдоо процесстери кагаз журналдарын толтуруу менен кол менен жүргүзүлүп келген, техникалык каражаттар ташылган товарлар жана транспорт каражаттары боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзбөстөн, өз алдынча иштеген, бул өз кезегинде чек арадагы мамлекеттик контролдоочу органдардын жөнгө салуу функцияларынын кайталанышына алып келген жана өткөрүү пунктунан өтүү үчүн 4 сааттан 11 саатка чейин убакыт талап кылынган.