Кыргыз Эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев дүйнө салды

Белгилүү прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссеру, адабият таануучу, котормочу Мар Байжиев 86 жашында көз жумду. Бул тууралуу жазуучунун небереси Дастан өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты

Мар Байжиев 1935-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Ата-теги көлдүн Ак-Суу районунан болгон. КМУнун филология факультетинин орус тили жана адабият бөлүмүн, кийин Москвада Жогорку сценариялык курста окуган. «Кыргызфильм» студиясында кабарчы, сценария бөлүмүндө ага редактор, маданият министрлигинде башкы редактор, «Литературная газета» гезитине Кыргызстан боюнча кабарчы, В.И.Ленин атындагы балдар фондусунун Кыргыз бөлүмүндө төрага болуп иштеген.

1961-жылы анын «Каракурт» деген сатиралык аңгемелерден турган жыйнагы жарык көргөн. Кийин ал биротоло драматургия жанрына өткөн. «Эрге жеткендер», «Дуэль», «Биз — эркектер», «Ар бир үйдө майрам», «Күйөө жана колукту», «Байыркы жомок», «Алтынчы күнү кечинде», «Акыркы рейс» пьесалары жазылып, СССРдин жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ийгилик менен коюлган.

Кинодраматургияда да жемиштүү иштеп келген. Анын жазган сценарийлери боюнча «Кыргызфильм», «Өзбекфильм», «Казакфильм» студияларында көркөм фильмдер тартылган. Анын аңгемелеринин мотиви менен СССРдин башка аймактарында кыска метраждуу көркөм фильмдер тартылган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.