ДССУ башчысы муктаж болгон өлкөлөргө COVID-19га каршы вакцина бөлүп берүүгө чакырды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус эмдөө өнөктүгүн баштай элек жана вакцинага муктаж болгон 20 өлкөгө 10 миллион доза коронавирус вакцинасын бөлүп берүүгө дүйнөлүк коомчулукту дагы бир жолу чакырды. Бул тууралуу ал Женевада өткөн брифингде билдирди.

Тедрос Аданом өткөн жумада эле COVID-19га каршы вакциналары бар мамлекеттерден COVAX механизми менен 10 миллион дозаны токтоосуз бөлүштүрүүнү суранганын эскерди.

«Чакыруу угулду, бирок биз дагы деле кайрылууларды ала элекпиз»,— деди ДССУнун башчысы.

COVAX программасына 190 өлкө кирген. Анын шарттарына ылайык, калктын кирешеси жогору мамлекеттер, жакыр мамлекеттерге вакцина алып беришет. Пландарга ылайык, механизмдин алкагында 2021-жылдын аягына чейин 2 миллиард доза коронавирус вакцинасы өндүрүлүп, өндүрүлгөн вакцина дүйнө жүзү боюнча бирдей бөлүштүрүлүшү керек.