ДССУ маймыл чечегин саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал деп жарыялады

ДССУ маймыл чечегин коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал деп жарыялады. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

«ДССУ ошондой эле маймыл чечегине байланыштуу эң жогорку кооптуу деңгээлди жарыялайт. Чечим ДССУнун вирус боюнча өзгөчө комитетинин экинчи жыйынында кабыл алынды»,- деп айтылат маалыматта.

Уюмдун башчысынын айтымында, учурда 75 өлкөдө оорунун 16 миңден ашуун учуру катталган.