Пияздын өздүк наркы 1 килограммы 12-13 сомдон болуп жаткандыгын дыйкандар айтышты. Мисалы Орусияда пияздын 1 килограмм баасы орточо 26 рубль болуп жатса, логистикалык чыгымдар Орусияга жеткирүү үчүн орточо 18 сомго чейин болгондуктан экспорттоочулар чыгымга учурап калышууда. Аталган маселени чечүүгө жардам берүү боюнча пияз экспорттоочулар министрликке кайрылышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Экономика министрлигине пиязды экспорттоодо логистикалык чыгымдарга жардам берүү боюнча тапшырма берилди.
5-январга карата аба ырайы
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 5-январда өлкө аймактарында кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-9, күндүз +2…+5; Талас жергесинде түнкүсүн...