Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Чолпон-Атага машыгууга барды

Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков бокс боюнча дүйнө чемпиону, белгилүү спортчу Дмитрий Бивол менен жолукту.

Токмок шаарында туулуп-өскөн дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол машыктыруучусу менен бирге Ысык-Көлдө машыгуу үчүн келген. Ал Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл жүрөгүнө жакын экенин билдирип, жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады. Чолпон-Ата шаарынын мэри спортчуга Чолпон-Ата шаарынын символикасын белек кылды.