Дүйнө калкынын 90 пайызынын COVID-19га иммунитети бар – ДССУ

Жер жүзүндөгү калктын 90 пайызында COVID-19га иммунитет иштелип чыккан, бирок тынчтанууга али эрте деп билдирди брифингде ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус. Анын айтымында, бул эмдөөдөн же адамдын коронавирус менен мурда ооруп айыкканынан улам болгон.

«Биз пандемиянын өзгөчө фазасы аяктады деп айтууга жакындадык. Бирок бул аягы эмес», – деди ДССУ башчысы. Ал акыркы беш жумада коронавирустан жума сайын каза болгондордун саны бир аз азайганын, бирок өткөн аптада 8,5 миңден ашуун адам көз жумганын билдирди.

«Омикрон» штаммы пайда болгондон бери COVID-19дун мутациясы уланып келет. Бүгүн «Омикрондун» 500дөн ашуун штаммчалары бар. Алар өтө жугуштуу», – деди Тедрос Адханом Гебрейесус.

Ал бардык өлкөлөрдү тобокелдикке негизделген ыкманы колдонууга үндөдү. «Көзөмөлдөө, тестирлөө жана эмдөөдөгү жетишпегендиктер өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон жаңы жана тынчсыздандырган варианттын пайда болушу үчүн идеалдуу шарттарды түзүүнү улантууда», – деп белгиледи ДССУнун башкы директору.