Дүйнөдөгү унааларды жатка билген 3 жаштагы Атайдын апасы: «Уулум унааларга 1,5 жашынан кызыга баштаган»

3 жаштагы Атай 100дөн ашуун унаанын үлгүсүн жатка билет. Өзгөчө өнөргө ээ болгон кичинекей билерман SuperTV’нын коногу болду.

«Менин атым Айдай, Атайдын апасы болом. Атайдан башка дагы бир уулум бар. Биз Балыкчы шаарынанбыз. Уулум 1,5 жашынан баштап унааларга кызыга баштаган. Телефондун да жардамы бар экен», — деди апасы.