Дүйнөлүк банк: «2022-жылы буудайдын дүйнөлүк баасы 40 пайызга кымбаттайт»

2022-жылы буудайга болгон дүйнөлүк баа 40 пайызга өсөт. Бул тууралуу 26-апрелде Дүйнөлүк банк билдирди.

«Украинадагы согуш чийки зат рыногуна катуу сокку урду, сооданын, өндүрүштүн жана керектөөнүн глобалдык үлгүлөрүн өзгөрттү, ошондуктан баалар 2024-жылдын аягына чейин тарыхый жогорку деңгээлде кала берет»,- деп айтылат маалыматта. 

Дүйнөлүк банк буудайдын баасынын 40 пайызга жогорулашы номиналдык мааниде баалардын рекорддук деңгээлине алып келерин көрсөтүп турат. Бул өзгөчө Орусия менен Украинадан дан импортуна көз каранды өнүгүп келе жаткан экономикаларга басым жасайт. Өткөн жылы АКШда буудайдын баасы, Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык, тоннасына 282-315 доллар деңгээлинде болгон. 2022-жылдын биринчи кварталында буудай 417-433 долларга чейин кымбаттады.