Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов эч жерде иштебеген жарандар канча сом менен пенсияга чыгышарына кызыкты. «Айтайын дегеним азыр Нарын, Ат-Башыда жумуш жок. Жумушсуздук күч. Өмүр бою дыйкан болгондор, мал баккандар пенсияга кандай чыгат?» — деди ал.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Аливдин айтымында, Соцфондго акча төлөп жүргөндөр гана чыга алат. «Эгер Соцфондго төлөбөсө, социалдык коргоодон жөлөк пул алат. Ал 2 миң сомго чейин», — деди.
Депутат: Ошондо чыкпай калабы?
Төрага: Муну «пособия» деп коет. 2 миң сомдой алат.
Так жооп болбоптур.Такыр тушунуксуз, жумуш таба албай атканда алимент толобой турса болот бекен.пенсияга канча менен чыгаарым кызык да.
Ошо да блин так жооп беришпейт оною мн иштебегендерге пособия беришпейт