Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жарандык активисттер менен саясатчылардын массалык түрдө кармалышы боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, окуя боюнча тынчсыздануу бар, бирок укук коргоо органдары «булар уюшуп алып, төңкөрүш, башаламандык, тартипсиздик иштеринин алдын алуу» экенин билдиришкен.
«Демократия деген бул ээн-эркин ишеним көрсөтүп, бир лидерди шайлоо. Бул президент жана Жогорку Кеңеш. Биздин парламент прогрессивдүү скандинавиялык артыкчылыктуу добуш берүү системасы боюнча шайланат. Эл партияларды жана бир мандаттуу мүчөлөрдү тандады. Менин эски кесиптештерим бийликтин чечимдерин жактырбай эле каршы чыгып жатышат. Каршы чыкса эле го мейли, бурмалап, туура эмес маалымат таратып жатышат. Бийликти басып алабыз деген бул демократияга каршы келет», — деди ал.













Туура айтасын,тынчышсын…