«Эжеси сиңдисин куткарам деп чөгө баштаган». Ысык-Көлдө эже-сиңдини милиция кызматкерлери аман алып калган

ИИМдин кызматкерлери сууга чѳгүп бараткан эже-сиңдилерди куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

6-август күнү Ысык-Кѳл облусундагы «Алтын-Кѳл» пансионатында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун 2-ротасынын кызматкерлери Жалил уулу Шамил жана Искендеров Темирлан сууга чѳгүп бараткан Бишкек шаарынын тургундары — 32 жана 27 жаштагы эже-сиңдилерди куткарып калышкан.

Кѳл жээгинде эс алып жаткан бир туугандын бирѳѳсү сууга чѳккөн аны куткарганы барган эжеси дагы чѳгүп жатканын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери байкап калып, ыкчамдуулук менен аракет көрүшүп, аларды аман-эсен куткарып калышкан. Ѳз убагында ыкчам жардам кѳргѳзүп сууга чѳгүүдѳн куткарып калган милиция кызматкерлерине бир-туугандар ыраазычылык билдиришкен.