Биздин бул жолку каармандарыбыз ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жубайлар. Алар шаар четиндеги жаңы конуштардын бириндеги мектептин короосунда жайгашкан эски вагондо эки баласы менен күн кечирип, мектепке кароолчу болуп жашап келишет.
Үйдүн кожойкесинин айтымында, ал стресске кабылып, мындан улам моюнунда чоң шишик пайда болгон. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, жолдошу да эки бөйрөгүнөн жабыркап, дайыма дарыланууга муктаж. Мындан улам, алар бар байлыгын сатууга аргасыз болушкан.
«Оорудан 12 жылдан бери дарыланып келе жатам. 12 жыл дарыгердин көзөмөлүндө болдум. Дары менен жашадык. Кийин болбой калды. Гемодиализге салышты. Азыр гемодиализ менен жашайм. Бул оору бөйрөккө суук тийгенден башталат экен. 12 жылда далай акчалар кетти. Эки бөйрөгүм иштебей калды. Болгон мал-мүлктү саттым. Айылдагы үйүбүздү саттык. Жерлерибиз бар эле, баарын саттык. Унаамды саттык. Эми минтип ушул жакта күн кечирип жатабыз», — дейт Айбек Абдумамытов.