Жума, 17.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын көрсөтүүдө сайттагы катанын себептерин түшүндүрдү

12:50 30.11.2021
0
БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын көрсөтүүдө сайттагы катанын себептерин түшүндүрдү

Жалпы элге жана кабыл алууга түшүнүктүү болуш үчүн БШК добуш берүүлөр тууралуу маалыматтарды таблица түрүндө жөнөкөй тил менен берет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

«Сиздер көрүп турган жашыл квадраттын ичи участкалык шайлоо урналар менен БШКда жайгашкан сервер. 20:00дөн кийин участкалык комиссия бардык мүчөлөрүнүн  жана байкоочулардын көзөмөлүндө автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУ) жыйынтыктоочу отчетун (чекти) басып чыгарат. Ошол эле учурда автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУнун) маалыматтары АСУнун жыйынтыктоочу отчету басылып чыгары менен автоматтык түрдө дароо серверге жөнөтүлөт. Сервер болсо маалыматтарды автоматтык түрдө кызыл квадрат менен белгиленген, БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт. БШК адиси Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШК адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. Мында белгилей кетчү жагдай, АСУда да (автоматташтырылган эсептөөчү урна) жана негизги системада да маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган система иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат. Бул жаңылыштык өтпөй калган эле партияларга эле эмес, бардыгына бирдей болгон», — деп айтылат маалыматта.

Алардын айтымында, урна менен серверге эч ким кире албайт. Анткени ал автоматташтырылган компьютер системасы. «Адам фактору аралаша албайт. Сервер болгону добуштарды эсептеп чыгарып берет. Тагыраак айтканда, шайлоо бүтөөрү менен жыйынтыгын алдын ала чыгарып берүүчү гана ролду аткарат. Ал эми акыркы так жыйынтыкты кол менен санап бүткөндөн кийин гана чыгарабыз. Мыйзам боюнча да кол менен санап бүткөндөн кийинки жыйынтык мыйзамдуу деп эсептелет. Бирок ошондо да, сервер берген жыйынтык менен колго санаган жыйынтыктын ортосунда анча көп айырма чыкпайт. Себеби, АСУ (урна)  жараксыз деп эсептеген бюллетендерди байкоочулар менен комиссиялар жарактуу деп эсептеген учурлар болот. Анткени шайлоочулар койгон «галочка» квадраттан чыгып кетсе, урна аны жараксыз деп эсептеп коет. Аны участкалык комиссия менен байкоочулар макулдашып, жарактуу десе, тийиштүү акт түзүлүп, катышкандар бардыгы кол коюп, ал бюллетендер жарактуу болуп эсептелет», — дешти.

БШК кол менен саноо талапкерлердин, партия жана коомдук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда ачык-айкын жүргүзүлөрүн айтты. «Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Ошондуктан, бардык нааразы болгон тараптарды кол менен санаганга катышууга чакырып жатабыз. Келиңиздер. Катышыңыздар. Кол менен санап чыгуу үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Бизде жашыруун эч нерсе жок. Ал эми БШК бюллетендерди түнү менен алмаштырат деп күмөн санап жаткан саясатчыларга айтарыбыз: бизде жалпысынан республика боюнча 31 миң шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Алардын арасында сиздердин да өкүлдөрүңөр бар да. Анан элестетиңиздер, 31 миң адам менен бюллетендерди көтөрүп алып алмаштырып чуркап жүргөнүбүздү. Бул абсурд. Азыркы убакта кыңыр иш кырк мүнөттө эле билинип калган заман. Бири-бирибизден күмөн санабай эле коелу. Ар бир берилген добуш, 100 пайыз шайлоочулардын өзүнө таандык. Биз аны толук камсыз кылабыз», — деп айтылат маалыматта.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 17.04.2026
0

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
0

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

09:40 17.04.2026
Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

15:08 16.04.2026
Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

10:21 17.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

11:24 17.04.2026
Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

11:16 17.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү