Арзыгүл Мырзакасымова 36 жашта. SUPERTV’нын бүгүнкү каарманы ымыркайы менен Бишкектин четиндеги таштанды таштоочу жайдан алыс эмес жакта күн кечирет. Өзүнөн 8 жаш кичүү адамга турмушка чыккан ал «Жолдошум кыйынчылыктарга туруштук бере албай таштап кетти» дейт.
«Мен 24 жашымда турмушка чыктым. Жактыруу сезимдери менен баш коштук. Алып качып кеткен. Ажырашып келдим. Бул жакка келип (ред. Бишкек шаарына) дагы бир жолу турмушка чыктым. Төрөдүм. Таштанды таштоочу жайда иштейт элем. Биринчи турмушумдан 3 балам бар. Үч балам Ошто атасында. Балдарымдан кабар алып турам. 2017-жылдан бери ушул жакта жашайм. Бул баламдын атасы азыр Ошто экен. Чалба деген ошол бойдон чалган жокмун. Жашап жүрүп кетип калды. Ал 1993-жылы туулган жигит болчу. Мен 1986-жылкымын. Кичүү экенине карабай, жактырып турмушка чыктым. Кичүүгө турмушка чыккан болбойт экен. Кетип калат экен, карабайт экен»,- деди ал.