«Экөөнүн тең жубайлары кош бойлуу». Өзбек чек арачылардын огунан каза болгон ата небере күтүп жаткан

Турмуш басылмасынан алынды

5-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын үч жаранына курал колдонушкан. Кесепетинен Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, алган октон улам каза болгон.

Кийинчерээк каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү экени, тактап айтканда, ата жана анын эки уулу көз жумганы маалым болгон. Алардын сөөгү кечээ, 6-майда жерге берилди.

«Турмуш» басылмасы маркумдардын жакындары менен сүйлөшүп, алардын абалын сурап-билген. 47 жаштагы маркумдун эжесинин айтымында, иниси өткөн жылдын ноябрь айында эки уулун үйлөнтүп, неберелерин күтүп жаткан. Анын артында дагы 2003 жана 2008-жылы туулган балдары калды.

«Кечеги окуя кандай болгонун билбей калдык. Инилеримдин акыркы сапарга узатылганын келиндерим биле элек»,— деди маркумдун эжеси.