Экс-депутат Рыскелди Момбеков: «Атамбаев абактан чыкканы жатат»

Экс-депутат Рыскелди Момбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгышын күтүп жатканын соцтармактагы баракчасына жазып чыккан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги экс-депутат менен байланышканыбызда Атамбаевдин чыкканы жатканын айтты. «Алмазбек Атамбаев чыкканы жатат. Азыр чыга элек. Күтүп жатабыз», — деди ал.

Буга чейин Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөткөн. Ал эми санаалаштары абактын алдына чогулушту. Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди.