Бүгүн, 12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карады.
Соттун чечими менен мурунку муфтий үй камагына чыгарылды.
Буга чейин муфтияттын башкы эсепчиси өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. 10-февралда УКМК Максатбек Токтомушевдин кармалганын билдирген.
Ошондой эле кечээ экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан эле.