«Экскурсияга барабыз деп алдап…» Ошто «Азаттык» партиясынын үгүт иштерине барган студенттер көрсөтмө беришти

Ош шаарында 4-ноябрда «Азаттык» партиясы үгүт иштерин жүргүзүп, аянтка жарандарды чогулткан. Иш-чарага студенттер да барган. Бул коомчулук тарабынан сынга алынып, административдик ресурс колдонуу катары сыпатталган. Окуя боюнча Ош ШИИБден комментарий беришти.

Маалыматка караганда, мугалимдер административдик ресурсту пайдаланып 18 жашка толо элек студенттерди алдоо жолу жана буйрук менен мыйзамсыз аянтка митингге алып барышкан.

«Маалыматты текшерүү үчүн митингге катышкан студенттер менен мугалимдер Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын баарынын жашы 18ге толо элек, паспорт ала элек болушкан. Алар өз көрсөтмөлөрүндө айрым агайлары тарабынан административдик ресурсту пайдаланышып, «экскурсияга барабыз» деп алдап, Ош шаарынын борбордук аянтына, «Азаттык» партиясынын митингине алып келгендигин айтышып, мугалимдерине карата көрсөтмө беришкен. Жалпысынан 8 мугалим, 15 студент суралган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган окуу жайдын мугалимдери өз студенттерин буйрук жана алдоо жолу менен борбордук аянтка алып келгендиги аныкталган. Учурда бул факты боюнча жоруктар кодексинин 87-1 беренесинин 2-бөлүгүнүн (административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери аяктап калды. Жакынкы күндөрү соттук кароого берилет», — деп айтылат маалыматта.