«Эл эмне жейт» кафесинин тамагына уулангандар ооруканадан чыкты

«Эл эмне жейт» тез татым сатуучу жайдагы шаурмага ууланган бейтаптар ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Дилбар Бекиева Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

«10 окуучу менен 1 мугалим ууланган. Алардын абалы канааттандырарлык. Ооруканадан чыгышты», — деди ал.

Көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, мыйзам бузуулар боюнча беренесине ылайык, 13 миң сом айып салынган жана мыйзам бузууларды четтетүү боюнча санитардык корутунду чыгарылган. «Эл эмне жейт» кафеси Бишкектин чок ортосунда жайгашкан. Анын ээси катары Залкар Касымов катталган.

Мындан дээрлик 1 жума мурда Бишкекте тамак-аштан массалык уулануу катталып, 11 адам жабыркаган. Ууланууга “Эл эмне жейт” фастфуд түйүнүндө шаурма жегени себеп болгон