Элдик курултайда карыя президенттин планшетин кеп кылды. Садыр Жапаровдун жообу

Бүгүн, 26-ноябрда Таластын Манас районунан келген Туратбек Мадиев сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаровго планшетине алаксыбоону сурады.

«Бери карасаңыз, компьютерде ойнобой» деди ал. Садыр Жапаров ага анын сүйлөгөн сөзүн жазып жатканын айтты.