«Жаман сөз сүйлөгөндөргө айып пул салуу керек». Акын президентке тапшырма беришин айтты

Акын Сонунбүбү Кадырова мейман катары Элдик курултайга келгенин айтып, сөз сүйлөдү.

«Жанатан бери суубуз, жарыгыбыз жок, мунубуз жок деп жатасыңар. Көрүп жатабыз го, 2 жылдан бери ошол көйгөйлөр чечилип келе жатат. Эмдиги жылы бала бакчалар курулат экен. Бирок биздин идеологиябыз ордунда болбой жатат. Биз кантип бири-бирибизге сүйүүбүздү ачып, жакшы көз менен карап, мээрим менен жашай баштайбыз деп ойлонолу. Интернетте балдарды жалаң туура эмес жакка жетелеген жаман маалыматтарды жок кылып, оюбузду тазалап, жакшы сөздөрдү сүйлөп, баарын жакшы сөз сүйлөгөнгө үндөйлү.

Садыр Нуркожоевич, сиз ЖМКларга тапшырма берсеңиз, нааразы болушса да жакшы сөз менен жазышса болот да. Жаман сөз сүйлөгөн адам мынча сом, 2 жаман сөз сүйлөгөн мынча сом… Айып төлөсүн деген мыйзам керек», — деди ал.