Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков жаңы ачылган Бишкек автобекетинде шарт жок экенин айтып чыкты.
«Убактылуу деп жатышат. Бирок азыр шарт жок экен. Шагыл төгүп, тегерегине контейнер түшүрүп койгон. Канчалаган адам бир күндө борборго келип-кетет. Дааратканасы, ашканасы, намаз окуй турган жери жок болсо… Жайкысын эң ысык, кышкысын эң суук ошол жер. Жаңы автобекет салынат деп элдин чыдамы менен ойногон болбойт. Жаңы салынат деп элди талаага таштап койгон болбойт»,- деди депутат.