Элмурза Сатыбалдиев: «Садыр Жапаров футболду жакшы ойнойт, ал профессионал да»

Аргентина Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун алгачкы финалисти болгон. Ал эми түндө Франция менен Марокконун командалары беттешип, экинчи финалист аныкталды. Бул аралыкта Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” турнири өтүп жатат. Мындан улам, биз бул жолу соболду футболго арнамай болдук.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев Мароккого жан тартып жатканын айтты. «Аргентина жеңет болушу керек. «Мурас» турнирин барып көргөн эмесмин. Садыр Жапаров профессионал да. Бул жагы талашсыз», — деди ал.