Депутат: «Ош шаарында таза суу токтоп каларына эл көнүп да калыптыр»

Депутат Эльвира Сурабалдиева Ош шаарында Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясаты комитетинин көчмө жыйыны өтүп жатканын айтты.

«Жаан жаап калса Кыргызстандын экинчи борборунда бир нече күнгө таза суу токтоп каларына жергиликтүү эл көнүп да калыптыр. 30 жылда канча каражат бөлүнүп, кайда сарпталганын улам депутаттар айтканы менен маселе чечиле элек. Быйыл 3 миллион доллар грантка тендер өткөрүлүп, таза суу менен камсыз кылууга жумшалат экен. Ошентип жергиликтүү бийлик, депутаттар, суу маселесинин аягына чыгышса экен дегенге тилектеш депутаттардын көзөмөлүндө болот», — деп жазды ал.