Эмделбеген балдардын мектепке жана бала бакчага кирбей калуу коркунучу бар

Эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке жана бала бакчага киргизилбеши мүмкүн экенин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.

2023-жылы кызамыктан улам айрым мектептер жана бала бакчалар жабылган учурлар катталган. 2024-жылы мындай учурлар азырынча каттала элек.

«Эгер эмдөөдөн өтпөгөн балдарды киргизбей коюуга укугубуз бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан санитардык эрежелерди камтыган документтер берилген. Демек, эгерде мекемеде кызамык оорусу катталса, эмделбеген балдарды киргизбей коюуга укугубуз бар», — деп белгиледи ал.