Эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаттардын сатылышы. Бир нече адам кызматтан алынды

Коронавируска каршы эмдөө сертификаттарын сатуу боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бир нече жетекчилер кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын отурумунда төмөнкүлөр кызматтан бошотулду:

  • №2 ҮМБнын башкы дарыгери ээлеген кызматынан бошотулду;
  • №19, 20 ҮДТнын, №2 ҮМБнын жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулсун;
  • «Кызыл-Аскер» конушунда жайгашкан № 8, 10, 11 ҮДТсынын жетекчилери кызматтан бошотулсун;
  • №19 ҮДТнын, №2 ҮМБнын медайымы ээлеген кызматынан бошотулсун.

Материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. «Мындан тышкары, Ленин райондук ҮМБнын директору кызматтан өз каалоосу менен бошотулду», — деп кошумчаланды.

6-декабрда вакцина алды делген жалган сертификат жасагандардын жүзүн ачкан журналисттик иликтөө чыккан. Анда вакцина сайбастан, жалган сертификат берген төрт факты далилдер менен көрсөтүлүп берилген. Ошондой эле иликтөөдө медицина кызматкерлери гана эмес, катардагы шылуундар дагы вакцина алды делген жалган документтерди жасап, саткандар тууралуу далилдер көрсөтүлгөн. Эртеси бул окуя боюнча кызматтык териштирүү башталган.