Эмгек министрлиги: «Балдар үчүн ишеним телефонуна 7 мүнөт сайын чалуу түшөт»

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Балдар үчүн ишеним телефону 111” ыкчам кызматынын борборунан билдиришкендей, 2023-жылы 77,1 миңден ашык телефон чалуулары түшкөн.

Бул күнүнө 211 чалуу же жети-сегиз мүнөт сайын чалуу. Ошол эле учурда балдардан чалуулар 30 пайыз гана түзөт, калганы ата-энелерден. Чалгандарга социалдык жардам көрсөтүү, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук көрсөтүү, баланы тарбиялоо жана жүрүм-турум, мектеп рэкети жана башка маселелер боюнча жардам талап кылынат.

Ар бир кайрылуу боюнча консультациялар жана сунуштар берилди, зарыл болгон учурда кайрылуу компетенциясына кирген мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.