Акын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду

Бүгүн, 29-апрелде «Ала-Арча» көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду.

Маркумду эскерүүгө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, коомчулук өкүлдөрү, жакындары катышты.

Акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Акындын калеминен «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт.