Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев бардык аскер бөлүктөрүн текшерүү керектигин айтты.
«Бардык аскер бөлүктөрүн ошол эле ИИМ, Коргоо министрлигин текшерип чыгуу керек. Комиссия түзүңүздөр. Бул системалашып калган. Жетекчилер керт башы менен жооп бериши керек. Муну көргөн ата-энелер кантип балдарын аскерге жөнөтөт?»,- деди депутат.
- Кечээ, 11-майда социалдык тармактарда ӨКМге караштуу №86123 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерди мазактап, сөгүп, башын төмөн карай мажбурлап тургузуп, кыйнап жаткан видео тараган.
- Аскер прокуратурасы маалымат таратып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) негизинде иш козголгонун билдирди.
- Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги видео февраль айында тартылганын, ички иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн, анын жыйынтыгында аталган аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылганын билдирген.
- Видео тараган соң, өлкө башчы Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берген.