Эми Бишкектеги маршруткалардын кайда келе жатканын телефондон көрсө болот

Бишкек мэриясы “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде каттамдардын кыймылын көзөмөлдөө үчүн кошумча модуль иштеп чыкты.

Эми мобилдик тиркемеде троллейбустардын жана автобустардын жайгашкан жеринен тышкары, кичи автобустардын кыймылы боюнча кошумча маалымат алууга болот. Кошумча функцияны колдонуу үчүн «Менин шаарым» («Мой город») тиркемесин жаңыртышыңыз керек же Play Market’тен жүктөп алыңыз. Мобилдик тиркеме кыргыз, орус жана англис тилдеринде иштейт.