Жогорку окуу жайлар, мектептер, бала бакчалар, кинотеатрлар, кафе-ресторандар… Мындан ары, тагыраагы 1-декабрдан тарта экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүн жандандыруу маселесин жергиликтүү бийлик органдары чечүү укугуна ээ болушат. Ал үчүн тийиштүү аймактарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо талап кылынат. Бул туурасында вице-премьер Эльвира Сурабалдиева бүгүн республикалык штабдын кеңешмесинде билдирди.
«Мында беткап тагынуу режими, социалдык обочолонуу жана башка санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сөзсүз түрдө сакталышы керек. Тармактык мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү алгоритмдер иштелип чыгат. Республикалык штаб COVID-19 боюнча аймактардагы абалды көзөмөлгө алат», — деди вице-премьер-министр.
Сурабалдиева ошондой эле алдыдагы жаңы жылдык майрамдарда жамааттык иш-чараларга чектөө киргизүү, же андан толук түрдө баш тартуу маселесин иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды. “Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби бүгүн...









