Билим берүү жана илим министрлиги жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз бериле тургандыгын маалымдады.
«2024-жылдан тарта министрлик тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди санариптештирүү башталды. Учурда өлкө боюнча 10 мектепке апробация жүргүзүлүп жатат: 7 облустан 1ден мектеп, 2 республикалык деңгээлдеги шаардан 1ден мектеп жана 1 жеке менчик мектеп. Ошондой эле электрондук аттестаттарды жана күбөлүктөрдү толтуруу боюнча ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине семинарлар өткөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.
2023-2024-окуу жылында өлкө боюнча 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 128 миңден ашуун, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 73 миңден ашуун.