Эмне үчүн «Империя пиццы» кафесинин тамагына уулангандарды саны өсүп жатат?

Бүгүн, 28-октябрга карата «Империя пиццы» тамактануучу жайдан ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 318 адамга жеттиБишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашевдин айтымында, жабыркагандардын санынын көбөйүшү ооруканага кайрылууга түздөн-түз байланыштуу.

«Өлкөдө уулануудан кийин көбү ооруканаларга барбай, дарыканалардан дары-дармек сатып алып, үй шартында дарылана башташат. «Империя Пиццы» кафесинде уулангандар көп, анткени тармактын Кыргызстанда 17 түйүнү бар жана алардын баары тамак-аш менен иштешет, негизинен үйгө роллдорго буюртма берип, бир күндө 900 порция сатышкан. Уулануунун белгилери пайда болгондо, адамдар өздөрүн дарылап башташкан. Ал эми ЖМКларда маалымат чыга баштаганда, олуттуулугун түшүнүп, кайрыла башташты. Жабырлануучулардын саны мындан ары өспөйт деп ойлойм, анткени 25-октябрда бардык пункттар жабылган», — деди ал.