Эне Беловодское айылындагы интернатта уулу сабалганын айтып чыкты

Аял киши баласы Беловодское айылындагы көмөкчү мектеп-интернатында сабалганын билдирди. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фонду бүгүн, 26-майда жарыялады. 

Эненин айтымында, уулу ал жерде 1 жума болгон. «Ал баласын интернаттан алганы барганда уулу сабалган, корккон абалда болгон. Аял мекеменин директоруна кайрыла баштаган, бирок маселе чечилбей, орой мамиле жасалган. Балдар үйүнүн кызматкеринин айтымында, бала жыгылып кеткен, бирок алар бул тууралуу энесине кабарлашкан эмес», — деп билдиришти укук коргоочулар.