Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы бөлүмдөр ачылды

Бүгүн, 9-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы бөлүмдөрүнүн ачылышына катышты. Тагыраагы анда Кувейт менен «Ас-Сафа борбору» куруп берген отоларингология жана офтальмология бөлүмдөрү түзүлдү.

Өткөн жылы курулуп башталган 5 кабаттык имарат 3293 чарчы метр аянттан турат, ага 174,5 миллион сом сарпталган.