«Энелерге көч баштатып, кызды дайым төргө олтургузган». Нурланбек Шакиев Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен аялзатын куттуктады.
«Эненин терметкен бешиги жер шарын тынчтыкка бөлөсө, эже-карындаштарыбыздын жылмайганы ааламга нур чачып, дүйнөнү гүлбакчага айлантат. Ошондон улам уюткулуу кыргыз эли “Бейиш – эненин таманында”, “Аял – үйдүн куту, “Кыздын кырк чачы улуу” деп асылзат айымдардын аруулугун, мээримдүүлүгүн ар убак даңазалашкан.
Байыркы тарыхыбызга көз чаптырганыбызда да аялзаты өмүрдүн туткасы, жашоонун жарыгы катары ардакталган. Өзгөчө көчмөн турмушта жашаган бабаларыбыз ак өргөсүнүн оң капшытын аздектеп аялга ыйгарган. Энелерге көч баштатып, кызды дайым төргө олтургузган. Ошондон улам, кыргызда Каныкейдей көсөм, Кыз Сайкалдай кыраан, Жаңыл Мырзадай баатыр энелер арбын чыккан. Курманжандай энебиз бир үй-бүлөнүн түйшүгүн гана көтөрбөй, бүткүл кыргыз элинин келечеги үчүн күрөшүп, даанышмандыгы менен таанылган. Совет доорунда да Уркуя, Зууракан, Керимбүбү, Самара, Бүбүсара, Таттыбүбү, Бакен, Сайра, Күлүйпа сыяктуу энелерибиз ар тармактагы жетишкен ийгиликтери аркылуу кыргыз элинин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошушкан. Азыр да уучубуз куру эмес. Үй-бүлөдө да, саясий-коомдук турмушта да эркектер менен эриш-аркак эмгектенип келе жаткан айымдарыбыз арбын.
Бар болуңуздар! Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм! Турмушуӊуздар бүлүнбөсүн, ырыскыӊар төгүлбөсүн, жамандык көрбөй, жакындарыӊар менен бирге бактылуу өмүр сүргүлө. Силер ага татыктуусуздар!» — деп жазылат куттуктоодо.