Эрдогандын инаугурациясы: Сый тамакта «Сары Ой» ыры жаңырды

Кечээ, 3-июнда Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземи өттү. Ага президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова ардактуу конок катары катышты.

Режеп Тайып Эрдоган инаугурацияга келген конокторго тартуулаган сый тамакта «Сары Ой» ыры жаңырды. Анын видеосу соцтармактарга тарады.