«Эриткичи жок келген». Кыргызстанга 100 миңден ашуун коронавируска каршы вакцина келди

Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы вакциналары келди. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда 100 миң 620 вакцина Кыргызстанга 7-августта келген. «Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы вакциналарынын күтүлгөн дозасы Кыргызстанга келди, бирок белгисиз себептер боюнча вакциналар эриткичи жок келген. Учурда себебин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз калкка жардам көрсөтүү үчүн бардыгын жасап жатабыз. Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгып жаткандардын бардыгы жана билетин алып алгандар (0703) 126 442 телефон номерине чалып, эмдөөдөн өтүү боюнча консультация ала алышат. Калган жарандардан түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз», — деп белгиледи Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.