Эртең, 5-октябрда Бишкекте жылытуу сезону башталат

Бишкек шаарында эртең, 5-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Тиешелүү токтомго мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, объекттерге жылуулук жеткирүү иштери бир нече күнгө созулат. «Биринчи кезекте мектеп, бала бакча, ооруканаларга жана төрөт үйлөрүнө, социалдык коргоо мекемелери жылуулук менен камсыз болушу керек. Андан кийин турак үйлөр, мекеме-ишканалар жылытылат»,- деп айтылат маалыматта.