22-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектеги Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 конуштарындагы турак жайларга, мектептерге, балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Мэриядан кабарлашкандай, суу Ала-Тоо конушундагы жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.