12-апрелде борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул Тоголок Молдо атындагы суу алгычта жана шаардагы суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара экенин айтышты. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.