Бишкекте эртең, 21-апрелде Орозо Айт намазына байланыштуу бир катар көчөлөр таңкы саат 05:00дөн 09:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Унаа кыймылы чектеле турган көчөлөр:
— Панфилов көчөсү – Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
— Фрунзе көчөсү –Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин;
— Тыныстанов көчөсү – Фрунзеден Чүй проспектисине чейин;
— Чүй проспектиси – Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин.