«Эртең шортачан келип албагыла». Депутат министрдин орун басарынын кийимине нааразы болду

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Алишер Эрбаев айыл чарба министринин орун басары Айнура Туйбаеванын кийимине эскертүү берди.

«Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө бир нече жоболор бар. Бул айым министрдин орун басары. Бизде дресс-код деген түшүнүк бар. Президенттин өкүлү карап койсоңор, доклад берип жатат. Кийим-кечесин  карап койсоңор. Бул Жогорку Кеңеш. Эртең шортачан келип албагыла ошону айтып койгула», — деди депутат.